Из-за периодической блокировки нашего сайта РКН сервисами, просим воспользоваться резервным адресом:
Загрузить через dTub.ru Загрузить через ClipSaver.ruУ нас вы можете посмотреть бесплатно Кыргыздар ашкенази еврейлери менен кандай генетикалык байланышы бар? или скачать в максимальном доступном качестве, которое было загружено на ютуб. Для скачивания выберите вариант из формы ниже:
Роботам не доступно скачивание файлов. Если вы считаете что это ошибочное сообщение - попробуйте зайти на сайт через браузер google chrome или mozilla firefox. Если сообщение не исчезает - напишите о проблеме в обратную связь. Спасибо.
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса savevideohd.ru
Азыр Америкада жашаган еврейлердин 90% ти ашкенази еврейлери. Ротшильд, Морган, Варбург, Шифф ж.б. үй бүлөлөр дүйнөлүк финансыны жана транснационалдык корпорациялардын ээлери. Американын миллиардерлеринин 30% тин ушулар түзөт. Болжолдуу ашкенази еврейлеринин саны 11 млн. ду түзөт, алардын 40% ти R1a гаплогруппасынын Z2124 деген субкладына кирет, бул субкладга кыргыздар да кирет. Демек популяциялык ДНК илимине ылайык кыргыздар жана ашкенази еврейлер мындан 5000 жыл мурун Борбордук Азияда жашаган бир эркектин тикелей урпактары. Ашкенази еврей деген эмнени түшүндүрөт төмөнкү видеодо. Аталган субклад еврейлердин Левит уруусунда эң көп кездешет, тактай кетсек Муса пайгамбар ушул уруудан болот. 2018-жылы Төлөк Төрөкан уулунун "Кыргыз Эл Санжырасы" китебинин презентациясы Дасмия Этнокомплексинде өттү. Ошол жерден бул маалыматты биринчи аудиторияга айтканымда, анын видеосу ютуб каналга жүктөлгөн. Мен тааныган Кундуз аттуу кыргыз кызыбыз бар Израилде еврей жигитке турмушка чыккан, ал Иерусалимде еврейлерге ошол видеону которуп бериптир. Анан мени менен скайп аркылуу Израилдин жогорку диний сотунун мүчөсүн байланыштырды. Биз бир сааттай сүйлөштүк. Анан ал киши мага мындай суроо узатты: "сиз элге кайрылып ашкенази еврейлери менен кыргыздар бир атадан тарайт деп айттыңыз. Бул маалыматты кыргыздар укканда, аа биз анда еврей турбайыкпы деп калыштыбы? - деп сурап калды. Анан, бир аз паузадан кийин менден мындай жооп узады: "бул маалыматты уккандан кийин залдагы элдер, аа еврейлер көрсө кыргыз тура деп калышты - десем, аркы линиядагы Кундуз боору эзилгенче күлдү. Мен анан шек алдырбай дагы айттым: силерде байыркы еврейлердин 2 эле уруусу бар азыр, силер жоголуп кеткен деп 10 урууну издеп жүрөсүңөр. Эми логикага салып ойлонуп көрсөңөр кантип 10 уруу жоголуп кетет, жоголуп кетсе 2 уруу жоголушу мүмкүн да. Мисалы Манас атабыздын чоң атасы Ороздунун он уулу болгон, дагы токолунан экөө болуп, ошол экөө кетип калган таарынып Кыргызстандан Израилге, силер ошол кетип калган эки уулдун балдарысыңар деп тамашалап койсом, аны да кабыл алышты :) . Кийин эки еврей окумуштуу учуп келип, аэропорттон шыр обьездной менен Токмоктогу Гавайи кафесине келип мени менен жолугуп, 4 сааттай маектештик, маалыматтарды тактап, кайра эле жолго түшүп учуп кетишти. Ушундай курьездуу окуялар да болгон.