Русские видео

Сейчас в тренде

Иностранные видео


Скачать с ютуб Атай Бейшенбек: Шарты жок камераларга которуп, кысым кылып жатышат в хорошем качестве

Атай Бейшенбек: Шарты жок камераларга которуп, кысым кылып жатышат 1 год назад


Если кнопки скачивания не загрузились НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу страницы.
Спасибо за использование сервиса savevideohd.ru



Атай Бейшенбек: Шарты жок камераларга которуп, кысым кылып жатышат

Кемпир-Абад иши боюнча камалган активист Атай Бейшенбек аларды шарты жок камераларга которуп, кысым кылуу аракети болуп жатканын сотто айтты. Камалгандардын жакындары да аларга шарт түзүп беришин бийликтен суранды. Бүгүн, 26-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активисттердин баш коргоо чарасы шаардык сотто каралууда. Шаардык сот саат 12:00гө карата саясатчылар Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков активист Атай Бейшенбек жана Марат Баязов боюнча Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Калгандарынын ишин кароо уланууда. 13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен кармалгандардын баарынын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга, 2023-жылдын 20-февралына чейин узарткан. Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Камактагылардын көбү протест катары бир аптадан бери ачкачылык кармап жатышат. Ички иштер министрлиги камактагы бул адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон. Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат. _________________________________________ "Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз. Шилтемеси: IOS https://apps.apple.com/us/app/id15214... Android https://play.google.com/store/apps/de... Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​ Instagram -   / ​     / ​   Фейсбук -   / azattyk.org​     / azattyk​   Ютуб -    / @azattykradiosu   Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​ https://t.me/azattykrus

Comments