Из-за периодической блокировки нашего сайта РКН сервисами, просим воспользоваться резервным адресом:
Загрузить через dTub.ru Загрузить через ycliper.com Загрузить через ClipSaver.ruУ нас вы можете посмотреть бесплатно Каратегинден кат, Жаныл Жусупжандын док. тасмасы или скачать в максимальном доступном качестве, которое было загружено на ютуб. Для скачивания выберите вариант из формы ниже:
Роботам не доступно скачивание файлов. Если вы считаете что это ошибочное сообщение - попробуйте зайти на сайт через браузер google chrome или mozilla firefox. Если сообщение не исчезает - напишите о проблеме в обратную связь. Спасибо.
Если кнопки скачивания не
загрузились
НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если возникают проблемы со скачиванием, пожалуйста напишите в поддержку по адресу внизу
страницы.
Спасибо за использование сервиса savevideohd.ru
Бишкекте “Каратегинден кат” /Letters from the Pamirs/ документалдуу тасмасынын бет ачары болуп өтөт Кыргыз Республикасынын Кино үйүндө (Логвиненко көчөсү, 13-үй) 9-апрелде саат 15.00дө “Р.Отунбаеванын Демилгеси фондунун” жана КР Кинематографисттер Союзунун колдоосу менен Тажикстандын Каратегин аймагындагы Жерге-тал кыргыздары тууралуу тартылган документалдуу, толукметраждуу жаңы кинотасманын бет ачары болуп өтөт. Бул тасмада автор жеке өзүнүн көрүүсүн баяндоо аркылуу мекенин жоготуу сезимин, ошол эле учурда тарыхый жана азыркы катаклизмдердин фонунда адамдар – боорукердик, кайрымдуулук, мээримдүүлүк сыяктуу адамдык сапаттарын жоготпойт деген түбөлүк үмүттү сезип турганы айтылат. Тасманы журналист, фотограф жана документалист Жаныл Жусупжан тарткан. Анын супердержавалардын жана жаңы мамлекеттердин кыл өтпөгөн чек араларынын ар жагында калган кыргыздардын турмушу тууралуу жергиликтүү жана эл аралык ЖМКларга жарыяланган жан дүйнөнү козгогон, кызыктуу, изденүү менен жасалган радио репортаждары, сериялык фото сүрөттөрү коомчулуктун кеңири катмарынын кызыгуусун туудуруп келет. Жаңыл Жусупжан этникалык кыргыздар тууралыы жергиликтүү же Кыргызстандын ЖМКсы дээрлик жазбаган бул аймактарга кєп барат. Анын жасаган иштери Памирдин барууга кыйын жерлеринде же ага жакын райондордо жашаган кыргыздардын күндөлүк жашоо-тиричилигин гана ачып бербестен, алардын сезимдерин, күтүүлөрүн, ой-санааларын жана үмүттөрүн түшүнүүгө жардам берип келет. Бул тасма – анын Кыргызстанда жана Тажикстанда тарткан бир нече жылдык эмгегинин жыйынтыгы. Тасма Чагалдак фильмз (Кыргызстан) компаниясы жана Сinedoc Films (Франция) менен биргеликте Швейцария Элчилигинин жана Кыргызстандагы Швейцария кызматташытык бюросунун колдоосу менен тартылды. 103 минут, кыргыз жана англис тилинде субтитрлер менен коштолот.